Жыл башынан бери Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн көбүрөөк инвестиция келди. Статистика
Быйылкы жылдын биринчи кварталында алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШ мамлекеттерин эсептебегенде) келген тике инвестициянын көлөмү тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат жарыялады.
Ага ылайык, январь-мартта 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүп, 278 миллион долларды түздү.
Кайсы өлкөлөрдөн мурдагы жылга салыштырмалуу инвестиция көп келди:
Канада — 485 эсеге (кайра иштетүү өндүрүшү);
Швейцария – 11,6 эсеге (финансылык ортомчулук, баалуу металлдарды казуу);
Нидерланддар — 2,2 эсеге (маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, өндүрүш);
Улуу Британия — 2 эсеге (геологиялык чалгындоо);
Кытай — 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо);
Түркия — 24,6 пайызга (кайра иштетүү тармагы, дүң жана чекене соода).
Инвестициялардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын (32 пайыз), Чүй облусунун (27 пайыз), Талас облусунун (15 пайызы) жана Жалал-Абад облусунун (14 пайыз) ишканаларына туура келди.



