Без рубрики

Жасалма паспорт менен банктан 4 млн сом чыгарып кеткендер кармалды

Чүй облусунда жасалма паспорт менен банктан 4 млн сом чыгарып кеткенге шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата райондук милициясына “Эсептешүү-сактык компания” ААКнын өкүлү Э.И. арыз менен кайрылган. Ал 2020-жылдын 10-февралында А.К. аттуу бейтаныш адам жарандын атынан жасалма паспорт алып келип, кардар катары тааныштырып, депозиттик эсептен 350 миң сом чыгаргандыгын, эртеси дагы 3 млн 845 миң сом алып кеткендигин билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Натыйжада жалпы 4 млн 195 миң сом өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт кылмыштарды бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 18-июнунда шектүү делип Бишкек шаарынын 26 жаштагы А.А., О.З. жана 25 жаштагы Э.А. аттуу тургундары кармалган. Э.А. мурда банктын филиалдарынын биринде иштеген.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button