Коом

Коопсуздук эрежелер сакталбай, айдоочуларга тоскоолдук жаратып жол оңдогон ишкана айыпка жыгылды

Кайгуул кызматы жолдорду оңдогон «Техник Трейд» жоопкерчилиги чектелген коомуна 58 миң сом айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бул фирма Курманжан Датка 148 дарегиндеги жолду оңдоп-түзөө учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эместиги айтылат. «Эч кандай эскертүүчү жол белгилерин да орноткон эмес. Жада калса жолду оңдоп-түзөө боюнча эч бир мамлекеттик органдар менен макулдашып же уруксат сураган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ошого байланыштуу бул фирмага кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү коопсуздук эрежелеринин талаптарын сактабагандыгы үчүн 23 миң сом, ал эми мамлекеттик органдар менен макулдашпай, уруксат сурабай өз алдынча жол оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү үчүн 35 миң сом айып салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button