Бир түндө жылдызга айланган ырчы Бегимай Турусбековага министрликтен сунуш түштү

Кечээ, 22-июнь күнү бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун кабылдамасында болду. Анда министр Бегимай айымга мамлекеттик кызматка орноштуруу боюнча сунуш киргизди.

«Эгер Казармандан Бишкекке келе турган болсоңуз, мекемеден сизге орун караштыралы. Мюзиклдеби, концерттердеби, айтор, кандай маданий иш-чара болсо, сизди катыштыра турган болушубуз керек. Сизди эл аралык аренага чыгарышыбыз зарыл», — деди министр.

Сунуш боюнча Бегимай Турусбекова «Мен күткөн мезгил келип жатат окшойт. Шоу-бизнесте мени тааныгандардын баары «бизге окшошпо, жоолугуңду чечпе» деп жатышат. Бирок үй-бүлөлүү болгондон кийин жолдошумдун айтканы мен үчүн закон. Андыктан бул сунушту үй-бүлөм менен макулдашып, анан жообун берейин«, -деди Бегимай айым.