Элмара Турсуналиева: «Арген Анжеликадан карыз алганы чын болсо, кесиптештер 1 сомдон чогултуп колуна карматабыз»

21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев жүрөк оорусунан каза болгон. Окуя көп өтпөй ырчы Анжелика «Арген алган карызымды кечтим» деп социалдык баракчасына жазып, элдин талкуусуна түшкөн. Анжеликанын билдирүүсүнө карата телеалпаруучу Элмара Турсуналиева чыгармачыл топ менен кеңешкен чечимин социалдык баракчасына жазды.

«Эгер чын эле (!) Арген ушундан акча алган болсо (кезектеги калпы эмес), ошончолук жалпы кыргызга жарыялаган соң, биз ( чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештер) мындай чечимге келдик.

Асел Осмонова, Асел Турдалиева, Турусбек Жумалиев , Сагынбубу Ниязалиева, Толкун Орозобаева, Нурдөөлөт Копоев , Динара Акулова, Жыргалбек Шакиров жана көпчүлүк сахналаштар 1 сомдон чогултуп догун арткан кызга берели. «Карызынан кечиртип» убара кылбай, колуна карматып коёбуз.

Кезектеги хайпты эненин зар какшагынан, жаш адамдын сөөгү муздай электе жаратты», — деп жазган Элмара Турсуналиева.