Коом

Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова: «Казинону ачуу демилгесин колдойм, бирок ага көзөмөл катуу болушу керек»

Кыргызстанда казино ачуу демилгеси коомчулукта ар кандай пикирлер менен коштолууда. Айрымдары казинонун кереги жок дешсе, айрымдар мамлекеттик бюджетке  каражат табуу  киреше булагы керек деген пикирде. Кечээ Президент Садыр Жапаров журналистке маек берип, казино ачуу менен бюджетке түшө турган каражаттар тууралуу айтып берди. Президенттин казино ачуу демилгеси тууралуу КР эл артисти Назира Мамбетова эженин пикирин сурадык.

-Менин оюмча Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров кыргыз элине буга чейин бир да президент жасабаган иштерди жасап жатат. Биринчиден, маданият кызматкерлеринин, дарыгерлердин, мугалимдердин айлыгын жүз процент көтөрдү.  Ушуга ыраазы болушубуз керек. Биз буга чейин, көптөн бери айлыгыбызды көтөрсө деп зар болуп жүргөн эл элек.  Ага ыраазычылыгыбызды билдирип, чоң рахматымды айтам.

Ал эми акыркы кезде талкуу болуп жаткан казино  боюнча менин айтаарым — мейли, казино да ишке кирсин. Бирок ошону маданияттуулук менен, туура кабыл алсак эң жакшы болот эле. Оюнчулар дагы туура ойносо ага да каршы эмесмин. Кыргызстандын жарандары казиного кирүүгө, ойноого  катуу тыюу салынат  деди президент. Чет элдик туристтер үчүн ачыла турганын айтты.  Муну катуу көзөмөлгө алып,  бир да кыргыз жаранына зыяны тийбеш керек.  Бирок  ошол казинону  туура эмес пайдаланып, муну кумар  оюну катары берилип, үй-бүлөсүнө чейин зыяны тийген  кумарлыкка  айлантып жиберсе бул туура эмес, албетте.  Бирок, ошону дагы маданияттуу, ыймандын чегинде ойносо мамлекеттик бюджетке каражат түшөт, бул жагы туура болор эле. Мен президенттин казинону ачуу тууралуу демилгесине каршы эмесмин. Бирок, ошону туура  түшүнүү менен пайдаланалы.  Балдарыбызга, үй-бүлөбузгө зыяны тийбей тургандай  болушу керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button