Сокулукта милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

2022-жылдын 28-июнунда Сокулук РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы Сокулук районунун Орок айыл Өкмөтүнө караштуу Жал, Орок, Кашка-Баш, Пладовое Сарбан, Селекционное айылдарына жана Колос, Ак-Сай, Ифтановец, Строитель, Мечта дачаларына жана ошондой эле Жал айылында жайгашкан “Строитель” балдар лагеринде болушуп  алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү.

Бул иш чарага Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын капитаны А.Баймуратов, Күн-Туу Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери,  жана Сокулук РИИБдин милициянын көчмө кабылдама Ассоциясынын өкүлү Т.Ракимбаева, жана ошондой эле Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да катышты. 

Бул күнү милициянын көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын кайрылууларын кабыл алып айрым көйгөйлөрдү жеринде чечүү менен  коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча  түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.  Андан тышкары кийинки учурларда болуп жаткан үлүш жерлерге курулуш иштерин жүргүзүү мыйзамсыз экени түшүндүрүлүп мындай учурда мыйзамдын негизинде катаал чаралар көрүлөөрү түшүндүрүлдү.

Андан тышкары  айыл тургундарын жайкы эс алуу учурларында көлмөлөргө, каналдарга, бассейндерге сууга түшүүдө этият болууга чакырып, балдарды көзөмөлгө алуу керектигин белгилешти. Ошондой эле 2022-жылдын 24-февраль күнүндөгү “КРнын Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы тууралуу да  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү.