Коом

Россияда мигранттар кантип «кара тизмеге» түшүп калат? Элчиликтин эскертүүсү

Россияда чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдуу жүрүшүнө жана миграциялык талаптарды аткарышына көзөмөл күчөтүлдү. Бул туурасында Кыргызстанды РФтеги элчилиги билдирип, ал жакта иштеп жүргөн мекендештерге кайрылды.

Ага ылайык, кыргызстандыктар «кара тизмеге» кирип калбашы үчүн төмөнкү эрежелерди сакташы шарт:

Россиянын мыйзамдарын так сактоо жана жасалган кылмыштар үчүн сөзсүз түрдө жаза болорун эстен чыгарбоо зарыл;

расмий жана башка Россияга кирүүгө уруксат берүүчү документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк) тариздөөдө ортомчулардын кызматын колдонбоо (анын ичинде каттоого туруу);

Россияга кирген күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу;

2021-жылдын 29-декабрынан кийин келген мекендештер 30 күндүн аралыгында манжа изин милдеттүү мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуу жана медициналык кароодон өтүшү керек;

Россиянын Эмгек кодексине ылайык, иш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү зарыл;

өздүгүн тастыктаган документтерди (паспорт) жана Россияда жүрүүгө укук берген документтерди (миграциялык карта, анын ичинде каттоого туруу, ОМС/ДМС полис) ар дайым жанында алып жүрүү абзел;

Бийлик өкүлдөрүнө сый мамиле кылуу.

Ошону менен бирге элчиликте мекендештер менен ыкчам байланышуу жана тез чара көрүү максатында күнү-түнү түз байланыш телефону иштейт: +7 (925) 115-50-47. Тез арада юридикалык жана консулдук жардам керек болгон учурда көрсөтүлгөн номерге кайрылууга болот.

Белгилей кетсек, жакында эле Россия мурда майда мыйзам бузууларга барган 47 миң кыргызстандыкты «кара тизмеден» чыгарды. Андан кийин РФке кирүүгө тыюу салынган мекендештердин саны азайып, 35 миңди түзүп калды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button