Коом

ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун графиги бекитилди

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун:

— I туру — 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

— II туру — 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

— III тур — 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

— IV туру — 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

— V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

«Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button