Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси КР УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

2022-жылдын 14-июлунда Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси КР УКМК кызматкерине финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча, ижарага берилген жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү токтотуу максатында КР УКМК ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган КР Б.Ю.Я. аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.