Коом
Россиядан Кыргызстанга ата-эненин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды
Россиядан Кыргызстанга июль айы ичинде ата-эненин камкордугусуз калган алты бала кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кыргызстанга кайтып келгенден кийин балдар туугандарынын үй-бүлөлөрүнө же камкордукка алуу менен багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштырылат. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк болбосо, алар кийин асырап алуу үчүн мамлекеттик балдар мекемелерине жайгаштырылат.
Россия, Казакстанда ата-эненин камкордугусуз калган балдарды мекенине кайтаруу зарылдыгы жөнүндө каттар министрликтин дарегине келип турат.