Окуялар

Ысык-Көлдүн Тамчы айылында унаа 11 жаштагы баланы өлтүрө сүзгөн

Ысык-Көлдүн Тамчы айылында унаа окуучу баланы өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 23-июлда саат 22.00дөр чамасында орун алган.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 38-чакырымында Бостери айылынын 1984-жылы туулган Т.Н. аттуу тургуну “Тойота Клюгер” үлгүсүндөгү унааны менен бара жатып, капысынан жолго чыга калган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын 2011-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну болгон.

Белгиленгендей, жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button