Бир жумада Кыргызстанда 1 091 адамдан коронавирус табылды

25-июлдан 31-июлга чейин Кыргызстанда 1 091 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Илдет илештиргендердин арасынан 911и амбулатордук шартта дарыланып жатса, 180 бейтап ооруканага жаткырылган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 203 776 учуру катталган.

Республикалык штаб коронавирустан коргонуу үчүн элди эмделүүгө чакырууда.