Милдетин аткарган жок. Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчи кызматынан алынды

Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси  Азимбек Бекназаров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматта мындай чечим Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө тапшырмасын аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

Эскерте кетсек, Бекназаров аталган кызматка 2019-жылдын соңунда дайындалган.