Депозиттик эсептен акча чыгарууда комиссия алынабы? Улуттук банктын жообу

Валюталык эсептен жана депозиттен акча чыгарууда банктар комиссия албайт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Сейтек Чалбаев брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин банктар сырттан которулган акчаны алууда 0,4төн 5 пайызга чейин комиссия киргизген. Мындан улам көпчүлүк жарандарда чет элдик эсептен же депозиттен акча чыгарууда комиссия алынбайбы деген суроо жаралды.

“Биз мониторинг жүргүздүк. Дээрлик бардык банктар өз эсебине Кыргызстандын аймагында акча салган жеке жана юридикалык жактар эч комиссиясы жок валютаны ала аларын айтышты”, – деди Чалбаев.

Адис белгилегендей, банктардын мындай кардарларды тейлөөгө жетиштүү доллары бар.