Коом

Кыргызстанда 5G технологиясына уруксат берилип, Бишкекте сыноо өттү

Кыргызстанда уюлдук операторлорго 5G технологиясын сыноого уруксат берилди. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, 5G технологиясын киргизүү заманбап технологияларды жана жалпысынан коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Ал маалыматтарды алмашууда ылдамдыкты жогорулатып жана берилген трафиктин көлөмүн кеңейтет.

«Бүгүнкү күндө тестирлөөгө уруксат алган уюлдук операторлор Бишкектин аймагында 5G технологиясы боюнча биринчи сыноосун өткөрүштү. Жакында Кыргызстандын жашоочулары аны пайдаланып, жаңы муундагы технологиялардын бардык артыкчылыктарын баалай алат», — деп жазылат маалыматта.

5G киргизүүгө шарт түзүү үчүн Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы радиоэлектрондук жабдуулардан жыштык тилкелерин чыгарып, жаңы технологияны сыноо үчүн пилоттук жыштыктарды аныктаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button