Коом
Бишкекте мектеп директорлорунун кызмат ордуна канча орун бош экени белгилүү болду. ТИЗМЕ
Борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна 61 бош орун бар. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Сынакты өткөрүү тартибине ылайык, бардык бош орундар Билим берүү жана илим министрлигине сынак үчүн тапшырылды.
Аталган министрлик калаанын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынакка документтерди кабыл алууну жарыялады. Толук маалыматты https://edu.gov.kg/posts/763/ сайтынан тапса болот.



