Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү: Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси, “Эко Деми” коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөн баштап тазалык күнүнө чейин ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

“Кыргызстан дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өтүп жаткан ишембиликке төртүнчү ирет катышып, катышуучулардын саны боюнча биринчи орунду алып келүүдө. Башкача айтканда, Кыргызстанда жалпы калкынын 10 пайызы ал иш-чарага катышууда. Бул жакшы көрсөткүч. Өткөн жылы 640 миң ыктыярчы ишембиликке катышкан. Ыктыярчылардын эң улуусу 88 жаштагы карыя, эң кичүүсү 3 жаштагы кыз болду. Быйыл биз катышуучулардын санын 13 пайызга жеткирүүнү пландаштырып жатабыз”, – дейт ал.

Чыныбаева эртең Ысык-Көлдө эл аралык экомарафон өтөрүн айтып, ыктыярчылар ылдамдыкка таштанды тазалай турганын кошумчалап кетти.

“Аталган иш-чаранын алкагында 2021-жылы акыр-чикирлерди тазалап, биз мамлекетке бир күндө 1 млн 285 миң доллар үнөмдөп бергенбиз. Белгилей кетсек, Кыргызстанда жылына 114 тонна таштанды топтолот”, – деди “Эко Деми” фондунун президенти.

Айжан Чыныбаева жалпы ишембиликке демөөрчүлөрдүн катышуусунун маанилүүлүгүнө токтолду.

“Албетте, биз демөөрчү издейбиз. Анткени бир ыктыярчыга 100 сом каражат жумшалат. Ал таштанды салууга кап, кол кап алууга кетет”, – деп белгилеп кетти ал.

Эскерте кетсек, 18-сентябрда Бүткүн дүйнөлүк тазалык күнү белгиленет.