Тажикстандын кол салуусу. Токмокто Данияр Казакбаев жерге берилди

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан кыргыз-тажик чек арасында курман болгон КР Чек ара кызматынын прапорщиги Данияр Казакбаев Чүй облусунун Токмок шаарында акыркы сапарга узатылды.
Ал мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон.
«Кабар» КУМАнын жамааты шейит кеткен аскердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтат.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.
Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.
15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөгөн.



