Садыр Жапаров: Кыргызстан бөтөн жерге көз артпайт, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

“Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар экендигин айтты.

“Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз.

Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм: кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.