Коом
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде тоскоолдук жараткан курулуштар алынууда

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде тоскоолдук жараткан курулуштар алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Күн мурун Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов МАБ, шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Москва көчөсүндөгү №100 үйдүн короосун кыдырып, жеринде атайын техника короого кире бериштеги мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.
Курулуштарды алуунун максаты — оперативдүү кызматтардын, тез жардамдын, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана милиция кызматкерлеринин унааларынын короого тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү болуп саналат.
Бул багыттагы иштер улантылат.



