Каракол шаарында 17 жаштагы өспүрүм опузалап акча талап кылып жаткан жеринен кармалды

13-сентябрда Каракол ШИИБне Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну 18 жаштагы Б.А. арыз менен кайрылган.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 208-берененин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышты. Ал, Каракол шаарынын   17 жаштагы  тургуну Р.Э. болуп чыкты.

14-сентябрь күнү кылмыш бетин тез арада ачуу жана шектүү жаранды кылмыш үстүнөн кармоо максатында атайын иш-чара уюштурулуп, Каракол ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Р.Э. шаардын көчөлөрүнүн биринде жабырлануучудан опузалап жаткан акча каражатын алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда, асынып жүргөн кара түстөгү капчыгынын ичинен 4 000 сом өлчөмүндөгү атайын белгинген акча каражаты далил зат катары табылып алынган.

Кармалган кылмышка шектүү жаран жаш өспүрүм болгондуктан, мыйзамдуу өкүлү энесинин катышуусунда алгачкы сурак жүргүзүү учурунда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.