ИИМ: Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалып, эмне себептен мушташкандыгы такталды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуев арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 18-сентябрында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40 чамасында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп сабап, кара түстөгү барсеткасын тартып алганын, ал барсетканын ичинде  көк түстөгү “Самсунг А31” үлгүсүндөгү уюлдук телефону, 32 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты, паспорту жана арыз ээсинин пенсиялык күбөлүк болгонун билдирген.  Андан кийин кылмыш болгон жерден шектүүлөр изин жашырып качып кеттишкенин дагы маалымдаган. 

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык)  боюнча   кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын  3-Башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам  издөө иш-чаралардын алкагында кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунда 1987-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалган. Ал унаа уурдагандыгы үчүн жана каракчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылып,  2014-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскердеги  №32 отурукташ колониясына чыгарылган. Ал Нурлан Мотуев менен 2016-жылы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясынан таанышкандыгы белгилүү болду.

 Алгачкы ыкчам  тергөө процессинин жүрүшүндө кармалган Б.И. менен Н.Мотуевдин ортосунда келишпестик пайда болуп, андан өч алуу максатында эки тааныш баласы менен келип, Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен  Н. Мотуев келе жатканда сабап,  барсеткасын алып кеткендигин суракта билдирди. Кармалган кылмышка шектүү жаран Н. Мотуевди алты жылдан бери абдан жакшы тааныгандыгы, жашаган жерин билгендиги, аны сабап кетүүгө Нурлан Мотуев өзү себепкер экени, негизгиси маселе ортодогу келишпестиктен улам өч алуу максатында сабап кеткендиги аныкталды. Кармалган шектүү жаран айдап жүргөн “Део-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин короосуна киргизилип жана кылмышка шектүү катары кармалган жаран  Б.И. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. ИИМдин КИББнын 3-Башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү бөлүмү тарабынан калган эки шеригинин жүргөн жерин аныктоо жана  кармоо максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө,- деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.