Билдирүүдөгү учурунттуу учурлар:
▪️Кыргыз тарап эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери кол койгон акыркы протоколдун бардык пункттарын аткарды.
▪️Тажик ТИМинин Кыргызстандын техникалары биздин аймакка кирип, учактары аба мейкиндигин бузуп жатат деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт.
▪️Тажик тарап оор техникасынын бир бөлүгүн чек ара аймактарынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына алып кете элек.
▪️Тажик тарап оор техниканы жарандык транспорт катары эсепке киргизип алып, чек арага чектеш Ворух, Хожайлоо, Сурх жана Ляккон конуштарынын турак жайларынын арасында кармап турат.
▪️Ворух анклавында жана Кызыл-Арт ашуусунда бир нече жолу чагымчыл ок атуу фактылары катталганына карабастан, кыргыз тарап ок атпоо режимин катуу сактоодо.
▪️Кыргыз тарап макулдашууларды катуу карманат жана тажик тарапты да ушундай бекемдик менен милдеттемелерди аткарууга чакырат.