Спорт
Кыргызстан – Россиянын футболдук беттешине билеттер сатыкка чыкты
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россиянын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Оюн 24-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.
Беттештин билеттери сатыкка коюлду. Бүгүн, 22-сентябрда түнкү саат 00:00гө чейин билеттер 50 пайыз арзандатуу менен сатылат. Онлайн билеттерди iticket.kg расмий сайтынан алса болот.
Билет баасы:
— Чыгыш трибунасы: 350 (700) сом;
— Батыш трибунасы: 500 (1000) сом.
Оффлайн билеттерди сатуу пункттары: (10:00дөн 22:00гө чейин)
— Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында;
— «Дордой Плаза 2» соода борборунда;
— ”Vefa” соода борборунда;
— «Космопарк» соода борборунда.