КоомОкуялар

Жансыз денеси 2 метр тереңдиктеги люктан табылган аял «NazarNews» агенттигинин эсепчиси болгон

Чүйдө жансыз денеси 2 метр тереңдиктеги люктан табылган аял «NazarNews» агенттигинин эсепчиси болгон. 

  • 21-сентябрь күнү ӨКМге Ак-Ордо конушунун Кетмен-Тоо көчөсүндөгү көлмөгө 1982-жылы туулган аял чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге куткаруучулар тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок аялдын сууга чөкпөгөндүгү аныкталып, издөө иштери токтотулган. Окуяны тактоо үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ӨКМге кайрылганда, министрликке аялдын туугандары анын дайынсыз болуп жатканын айтып, суудан карап берүүнү суранышканын, бирок издөө жүрүп жатканда туугандары аялдын жансыз денеси табылганын айтышып, издөөнү токтотушкан. «Эмне болуп каза болгону бизге белгисиз», — дешкен.

Чүй ОИИБ маалымат таратып, анын жансыз денеси эки метр терендиктеги люктан табылганын билдиришкен. Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button