ИИМ: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бурмаланган жана жалган маалыматтарды таратууда

2022-жылдын 22-сентябрь күнү Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу, коркутуу, кемсинтүү жана  аңдуу учурлары акыркы күндөрү болушу мүмкүн деген билдирүүсүн жарыялаган. Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп, аны менен кошо өздөрүнө өздөрү карама-каршы пикир жаратып жатканын белгилейбиз.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган. Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок. Ал эми коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды этникалык тажиктер  үйлөрүнө өз ыктыярлары менен киргизишкен. Коомчулукта алар активдүү позицияны ээлеп тургандары үчүн аларды эч ким талкулоого укугу жок.

  Ош облусунда белгисиз адамдар улуттук  касташуу (араздашуу) максатында “АзаттыкРадиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Социалдык тармактарда жаран Давронбек Насибхонов өзүнүн пикирин билдирген. Ал билдиргендей, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында анын атын дагы кошуп, этникалык тажик (аял киши катары) катары көрсөтүп, “Азаттык Радиосу” кыргыз кызматынын кабарчысы деп белгилешкен. “Бирок мен эркекмин жана бул жалпыга маалымдоо каражатына эч кандай тиешем жок.  Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги менин атымды саясий максатта колдонуусун каалабайм. Бул өлкө менен мени эч нерсе байланыштырбайт”,-деп ал өзү жазган.

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алышкан 500 студентти-Тажикстан Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө депортациялоо пландалып жатат деген маалымат  тастыкталган жок. Кыргыз—тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап  укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери менен тынымсыз байланышып жатышат. Чет өлкөлүк элчиликтерди, анын ичинде Тажикстандыкын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин шаардык милиция бөлүмчөсүнө Тажикстандын жараны А.Алиевдин жеткирилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө маалымат тастыкталган жок.

Баткен облусунда жабырлануучуларга акча которууга мажбурлоо максатында өлкөбүздүн аймагында убактылуу иштеп жүргөн Тажикстандын жарандарына карата кысым жана коркутуулар болуп жатканы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жабыркагандарга акча чогултууга катышуу же катышпоо ар бир жарандын укугу, аларды мажбурлоого эч кимдин укугу жок.

Ошондой эле, тажик улутундагы жарандардын куугунтукталганы тууралуу башка маалыматтар дагы тастыкталган жок.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу. коркутуу, кемсинтүү жана  аңдуу учурлары катталбаганын билдирет.  Бул билдирүү жалган болуп саналат. Ошону менен бирге акыркы убактарда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматтарды атайылап таратуу менен алектенип жатканын баса белгилейбиз.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин улуттук белгилер боюнча кысымга алуу  билдирүүлөрүн жалган экенин билдирет. Биз, дүйнөлүк коомчулук Тажикстандын тышкы саясий түзүмү тараткан бурмаланган маалыматтарды эмес, тастыкталган маалыматтарды алуулары керектигин эске салабыз, – деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.