Токтогулдун таза тоо балы заманбап технология менен иштелип чыга баштады

Токтогул райондук Токой чарба агенттигинин директору Каныбек Токтоназаровдун билдирүүсүнө ылайык Токтогул районунда Токой чарба агенттигинин карамагында балды иштетүүчү жаңы ишкана ачылып, элибизди бал менен камсыз кылууга өз салымын кошуп баштады.
Негизи Токтогул жергеси өзүнүн баа жеткис балы менен кыргыз жеринде көпчүлүккө белгилүү эмеспи. Бул ишкана чыгарган балдын өзгөчөлүгү кандайдыр бир убакыт өтсө да тунук боюнча калуусунда. Биздин бал жүз пайыз накта таза бал, анткени катардагы таза бал дагы убакыт өтүп тоңгондон кийин кумшекери калкып калат. Ал эми бул бал- тоңгон күндө да өз курамын эч өзгөртпөстөн кудум каймак май сымал жакшы сакталат.
Накта балды каалоочуларыбыз үчүн базар баасынан да арзан сатыкка чыкты.
Байланыш номери: 0706 555-444



