Коом

Акыйкатчы Баткенден аргасыз Ош шаарына жер которуп келгендерден сурамжылоо жүргүзүүдө

Баткен областынын аймагынан Ош шаарына аргасыз жер которуп келишкен аялдар үйлөрүнө кайтаарга даяр, бир гана мамлекет чек арага жакын жайгашкан тынч элдин жашоосунун коопсуздугун күчөтүш керек

25-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А. Абдрахматова жана Акыйкатчы Институтунда иштеген бир катар айым кызматкерлер менен бирге Ош Мамлекеттик университетинин № 1, 3 жатаканаларында Баткен облусунан аргасыз качкан айымдардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.

Ош Мамлекеттик университетинин жатаканасына убактылуу жайгашкан Баткен облусунун тургундары менен жолугуп, тынч элдин укуктарынын бузулуш учурларын каттап, ок атуудан жабыркагандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна мониторинг иштерин жүргүзүүдө.

Бул айылдардан келгендердин ичинен 44 үй-бүлөнүн айымдары менен сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү Самаркандек, Мин-Булак, Көк-Жар, Кызыл-Бел айылдарынан жана Баткен шаарынан келишкендигин билдиришти. Ошондой эле быйыл аргасыз 4жолу жер которуп качышкандыктарын айтышты. Сурамжылоо жүргүзүүдө төмөндөгүдөй сунуш, ой пикирлер жана көйгөйлөрун билдирди.

1. Чек ара маселесин чечүү зарылчыгы.

2. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын коопсуздугун бекемдөө.

3. Тынч жашоодо жарандардын жөлөк пул алууга болгон муктаждыгын чечүү.

4. Мамлекет, жалпы коомчулук жана жергиликтүү калк тарабынан берилип жаткан гуманитардык жардамдардын калкка түз жана өз убагында жеткирүү жагын кароо.

5. Мектеп жашындагы балдардын билим алууга болгон муктаждыктарын чечүү.

6. Турак жайы күйүп кеткен жергиликтүү калктын үйлөрүн суук түшкөнгө чейин эртерек калыбына келтирүү.

7. Баткен областынын аймагынан аргасыз жер которуп келген жарандарга (аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр) кошумча психологдордун кызматын уюштуруу.

8. Баткенде калып кеткен туугандарына гуманитардык жардам көрсөтүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button