Чагымчыл, бурмаланган маалыматтарды чыгаруу сөз эркиндиги эмес!

Кыргызстанда “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус”  сыяктуу Батыштан грант алып, батыштан  финансылык каржыланган маалыматтык булактар, сайттар бар.

Дегеле Кыргызстанда жүздөн ашык маалыматтык булактар, сайттар иштешет. Бирок, алардын көбу Кыргызстанда болуп жаткан маалыматтарды бурмалабай, ачык айкын берүүгө аракет жасашат. Ал эми “Азаттык”, “КЛООП” сыяктуу маалыматтык сайттар дайыма Кыргызстандын ички саясатына каршы иштерди жасап келишет. Алар Батыштан алган финансы каржыларын актоо үчүн Батыштын тапшырмаларын, буйруктарын аткарып Кыргызстанга каршы иштерди жазып, бир тараптуу, Батышка жага тургандай маалыматтарды чыгарышат.

Мисалга алсак: 2010-жылдын июнь айындагы Оштогу эки улуттун кагылышуусунда кыргыз тарапты күнөөлүү кылып Азаттык ачык эле жазып чыгышкан. Ал кездеги окуяны коомчулук жакшы билишет. Өзбек сепаратисттери эки улуттун ортосуна чагымчылдык  уюштуруп, эки улуттун карапайым эли жабыр тартып, көп адамдар каза тапкан.  Ушул окуяны да бир тараптуу чагылдырып, коомчулукка, дуйнөгө ар кандай тилдерге которуп, кыргыз тарапты күнөөлүү деп чагылдырышканы белгилүү. Ошол окуянын уюштуруучуларынын бири Азимжан Аскаров камалганда да адам укугу деген макамды бетине кармап, аны бошотууга көп аракеттерди жасаган. Кадыржан Батыровду да  актаганга аракет жасаган макалалары ошол кезде байма бай чыгып турган.

Андан кийинки былтыр 2021-жылы да “Кактус” маалыматтык агенттиги Тажикстан тарап өздөрун дүйнөгө актоо үчун жазган жалган маалыматты Кыргызстан биринчи кол салган деген макаланы Кыргызстандан чыгарган. Ошол эле “Азаттык” да ушул сыяктуу макалаларды жарыялаган эле.

Ал эми жакында эле болгон кыргыз-тажик чек арасындагы чырды да  Азаттык Кыргызстан тарапка каршы иштеди. Мисалга алсак, “Азаттыктын”  “Настоящая время” каналы Кыргызстанды агрессор катары чагылдырган.

Дегеле “Азаттыкка” чыккан маалыматтарды окусаныздар Украина менен Россиянын согушу тууралуу көп жазышат. Батыш азыркы тапта Украинаны колдоп жаткандыктан Азаттык да ачык эле Украинаны колдогон, Россияга каршы макалаларды байма бай чыгарып жатышат. Азаттыктын Кыргызстандагы кеңсеси биз нейтралдуулукту карманып жаткан учурда, булар Батышты колдогону ачык эле  жазып, Кыргызстанды да батышка  тартууга аракеттерди жүргүзүп келүүдө.

Азаттык, КЛООП, Кактус сырттан, Батыштан акча алып иштешет эмеспи. Батышта адам укугу деген макамды  бетине кармап, жыл сайын жазында Гей-парад өткөрушөт. Коомчулукта гей-парад деп айтылат, бирок булар аялдардын укугу деген атты жамынышат. Мисалы, “чай куйбайм”, “келин болуп башкаларга кул болбойм”, “Өзумдү өзүм билем”, “Мен гей экениме сыймыктанам” деген сыяктуу лозунгдарды жазып парадга чыкканды адатка айландырышкан. Алардын ою  боюнча кыргыздын илгерки баалуулуктарын, салт санааларын жапайы катары сыпатташат. Улууларга баш ийбей, эркин болуш керек дешет. Андан тышкары кыргызга жат көрунүш эркектер менен эркектер, аялдар менен аялдар үйлөнсө болот, алардын укугу деп да айтып чыгышат.

“Клоопко” адам укугу боюнча чыккан маалыматтарды окусаныздар,  аялдардын укугу, балдардын укугу , жабырлануучулардын укугу деп жазып келип аягында сөзсуз ЛГБны да кошуп кетишет, гейлердин укугу да корголуш керек деп айтышат. Ошол эле Азаттыкта иштеп кеткен Ыдырыс Исаков гейлер кыргыздарда болуп келген, боло берет, а түгүл Бабур да жаш эркек балдарга кызыккан, ал да гей болгон деген видеосу азыр да коомчулукта тарап жатат. Гейлер булар маданияттуу деп ачык видео жарыялаган айрым батышчыл журналисттердин да видеолору бар.

Ушундайларды көргөндө, Кыргызстанды ички саясатына, маданиятына, каада салтына каршы тургандарга кандай десек жарашат?!

“Азаттык” Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык маалыматтарды чыгарып турат. Ошону менен катар темасын укмуштай, элдин кыжырына тийе тургандай коюп, ички саясаттан жалаң гана жамандык, негатив издеп, ошону чагылдырышат.

Акыркы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуу долбоору башталгандан бери Кытай, Казакстан, Өзбекстанга  бизди тукурган, каршы маалыматтарды чыгара баштады. Кыскача айтканда Кытайды өзгөчө каралаганга өтуштү. Албетте Батышка Кыргызстандын экономикасы өсүп, өнүгуусү кереги жок. Кыргызстан байкуш, бечера мамлекет болуп, башкаларга көз каранды болуп калуубузду самашат.

Кой терисин жамынган мындай кыргызга душман маалыматтык басылмалар Кыргызстанга кереги жок экени коомчулукта айтылууда.

Андыктан туура эмес, бир беткей Батыштын буйругун аткарган “Азаттык” , “КЛООП”, “Кактус” сыяктуу маалымат агенттиктерини сөз эркиндигин бетке кармап бурмаланган, чагымчыл маалыматтарды чыгарууну токтотушу керек,  бизге алардын кереги жок. Буларды тиешелүү органдар караш керек.

Сагындык Абдыкеримов, ардагер