КоомКызыктар

Пенсионерди жаңылыштык менен «көмүп коюшкан»

Пенсионерди Актөбөдө жаңылып “көмүп коюшкан”. Жаран ооруганына байланыштуу өргүү алгандан кийин ал кишиге клиникада өлгөнүн айтышкан.

5-октябрда 68 жаштагы Актөбө шаарынын тургуну Ромахан Кенжебаев ооруга байланыштуу документ ачтырган (больничный). 10-октябрда ал жумушка чыга турган болгон. Бирок күтүүсүздөн пенсионер ооруп жатканда медицина кызматкерлери аны «көмүп» коюшканы белгилүү болгон. Бул тууралуу ал кокустан клиникадан телефон чалганда билип калган.

«Участкалык дарыгер мени клиникага чакырды, мен чуркап барсам, ал: «Сен өлүп калдың» деди. «Кантип өлдүм? дедим. «Мына мен тирүүмүн, маңдайыңда турам» десем, «жок, сен өлдүң» дейт. Компьютер мага кызыл сызыкты көрсөттү. Ал өлдү деген белги экен»,— дейт пенсионер. 

Кетирилген катадан кийин пенсионердин бардык эсептери жабылып, ал азыр маалымат базасында өлгөндөрдүн тизмесинде турат. Ал айлыгын да ала албай жүрөт. Анын документтери жараксыз болуп калган.

Оорукананын башкы дарыгери документтерди калыбына келтирүүгө кеткен бардык чыгымдарды, ошондой эле окуяга байланыштуу башка материалдык чыгымдарды медицина кызматкерлери көтөрөөрүн айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button