Без рубрики

С.Жапаров В.Путинге кыргыз-тажик чек арасы боюнча ортомчу болушу үчүн кайрылган, — Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге кыргыз-тажик маселесин жөнгө салууда ортомчу болушу үчүн кайрылган. Бул маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов радионун эфиринде айтты.

Анын айтымында, Астанадагы жолугушуу ийгиликтүү өттү.

«Ачык сүйлөшүү жүрдү. Садыр Жапаровдун чек ара боюнча башкы позициясы — стол үстүндө сүйлөшүп, тынч жол менен чечүү. Мындан ары дагы ушул принципте болобуз. Чек арадагы чечилбеген маселелер чек арадагы жаңжалга, агрессияга алып келет. Президент Садыр Жапаров ошону айтты», — деди Иманкулов.

Президенттер Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун Астанадагы жолугушуусунун негизги бөлүгү жабык эшик артында өткөн.

Буга чейин Султанбаев биргелешкен жыйын Орусия лидери Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулганын билдирген эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button