Коом
Көңүл буруңуз! Төрт күн эндокринолог врач жарандарды акысыз көрөт

9-11 жана 14-ноябрында каалоочулар эндокринологдон акысыз консультация алып, зарыл болсо кандагы канттын деңгээлин текшертсе болот.
Ал үчүн саат 9.00дөн 15.00гө чейин Бишкектеги Панфилов, 199 дарегине кайрылуу керек.
Адистер жарандарды кант диабети күнүнө арналган ачык эшиктер күндөрүнүн алкагында кабыл алышат.



