Коом
Подполковник Абжалбек Жанаевдин элесине арналган спорттук турнир болуп өттү

КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде футбол боюнча беттешүү болуп өттү. Күч түзүмдөрүнөн 6 команда катышкан турнир подполковник Абжалбек Жанаевдин жаркын элесине арналды.
Жыйынтыгында 1-орунду департаменттин командасы, 2-орунду ЖАКнын ардагерлери ээледи. 3-орунду «Достор» командасынан А.Жанаевдин достору ээлешти.

Мындай эскерүү мелдештери, жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, бул коллективдин биримдигин чыңдоо, кесиптештердин бири-бирине колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.





