Куурчак театрынын жол кырсыкка кабылган директору жардамга муктаж

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору Болот Куланбаев жубайы менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу театрдын социалдык тармактардагы баракчасында жазылды. 

«Кийинки жумада хирургдардын эки бригадасы бир убакта эки бутуна операция жасашат. Ошондон улам Болот Куланбаевге тез арада кан, операцияга каражат жана реабилитациядан кийинки мезгилге коляска керек. Урматтуу кесиптештер, мекеме жетекчилери, сиздер ал үчүн бул оор мезгилде четте калбайсыңар деп ишенебиз”, — деп айтылат маалыматта.