Талант Мамытов Жогорку Кеңешти “эшек жайлоого” айлантып жиберген. Катасын УД оңдоп жатат!

Жогорку Кеңештин жыйындары акыркы кезде бул дүйнөгө туулуп калганына да нааразы болуп жүргөн 5-6 депутаттын жеке жыргалчылыгын айтуучу концертке айланып калганын кантип танабыз? Мисалы, кечээ, 23-ноябрдагы жыйында Кыргызстанда башка талкуулай турган маселе жок калгансып, ошол эле А.Мадумаров, М.Самыйкожо, С.Айжигитов ж.б. “депутат Өмүрбек Бакиров эмнеге кабинетинен чыгарылды?”- деген шоу-программа тартуу кылынды. Башкы ролдо тигил үчөөнөн башка дагы Талант Мамытов, Сүйүн Өмүрзаков, Гуля Кожокулова болушту. Дээрлик бир саат бою алар Бакировду мурунку 7-кабаттагы кабинетине кайрадан алып кирүү аракетин көрүштү.

Президенттин иш башкармалыгы тарабынан расмий түрдө берилген жооп да аларды кызыктырган жок. Болбосо, ал катта Бакиров деген немеге ЖКнын ишинин эффективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, 7-кабатка парламент жетечилиги жана фракция лидерлерин жайгаштыруу маселеси чечилгени кабар кылынып, 6-кабаттагы 637-кабинет сунуш кылынганы так айтылды. Ошого карабастан, Ө.Бакиров жумурткадан кыр чыгарып, майда маселеден шоу жасап, “мени куугунтуктап, кабинетимден кууп чыгышты”- деп бир жума пиар менен алектенди. Ошентип пиар жасаган менен, эл аны жакшы көрүп, боору ооруп кеттиби? Кайра эл анын бул жоругуна күлүшүп, “бул депутатка чала болду. Эмне, 7-кабатка чыгарып койсо эле бүркүт, 4-кабатка түшүрүп койсо кекилик болуп калабы?”- деп күлүп жатышат!

Кабинет маселесинин дагы бир төркүнү кечээ айтылды. Муну да Бакировду колдогон, азыр жакын агасына айланган Талант Мамытов айтып салды. Тополоңдон кийин ЖК имараты жараксыз болуп калып, депутаттар өз чөнтөгүнөн, мамлекеттен бир тыйын албай туруп иш кабинеттерин ремонт жасап киришкен экен. Башкача айтканда кимде акча болсо, каалагандай жайгашып алып жыргаган. Бакировдун акчасы бар экен, 7-кабаттан кабинет ээлептир. Бирок, анын 7-кабинатта ошондо Талант Мамытовдун айынан ээлеп алган кабинети Ө.Бакировго түбөлүк жазылып калды беле?

Чынын айтуу керек, Талант Мамытов төрага болуп турганда ЖКны “эшек жайлоого” айлантып жиберген. Анын тушунда жакын адамдары гана чардап, жыргап, каалаганын кылган. Катардагы кызматкерден баштап бөлүм башчыларга дейре тууганчылык, тааныштык менен дайындалып калганы азыркыга чейин айтылууда. Азыр мына ошонун кесепетин жаңы төрага менен Иш башкармалык тартып жатат.

Мисалы, Н.Шакиевдин визиттериндеги протоколдук жактарына талкуу, сын көп айтылып жаткан. А ЖКнын бул бөлүмүн Т.Мамытовдун кадры аткарат. Же атайын төраганы “подстава” кылуу боюнча эски шефинен буйрук алганбы?

ЖКдагы кабинет бөлүштүрүү, ишти камсыз кылуу чаржайыт болуп кеткен. Талант Мамытовдун катасын азыр Иш башкармалыгы оңдоп жатат. А буга жаны ачыган Т.Мамытов жаңы санаалаштарын чогултуп, саясий оюн кылып жатат.

Бүгүн да ошол концерт… Элди зериктирбей жакшы болду…. Футбол башталганча көрүп турганга бирдеме бар!

Кадырбек Жангазиев, ардагер