Токаев шайлоодон кийинки биринчи сапарын Россиядан баштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россиянын лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Кремлде эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу өтөт. Мындан сырткары, алар Казакстан менен Россиянын региондор аралык кызматташтыгы форумуна видео байланыш аркылуу онлайн катышат.

Белгилей кетсек, өткөн жекшемби күнү Казакстанда президенттик шайлоо өтүп, Токаев 81,31 пайыз менен утуп чыккан. Ал эми 26-ноябрда инаугурациясы өтүп,  президенттик кызматка расмий киришти.