Маданият

Кыргыз эл артисти Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт

Бишкекте Кыргыз эл артисти, төкмө акын, киноактёр, режиссёр Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият ишмерлери жана искусство өкүлдөрүнүн катышуусундагы эскерүү кечеси Улуттук телерадио берүү корпорациясынын концерттик залында 1-декабрь күнү саат 18:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген.

Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп баштаган. 1965-жылдан Т.Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан “Кыргызфильм” киностудиясында дубляж боюнча режиссёр болуп эмгектенген.

Алгачкы жолу режиссёр Юрий Борецскийдин «Ак куулар конгон айдың көл» тасмасында жылкычынын ролун аткарган. Андан соң Болот Шамшиевдин «Ак кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Бөрү зындан», «Эрте келген турналар», «Адамдар арасында», Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», Мелис Убукеевдин «Акмөөр», «Сүйүү закымдары», Дооронбек Садырбаевдин «Түркүн тагдырлар», «Махабат дастаны», Кадыржан Кыдыралиевдин «Өрүкзардагы баян», Геннадий Базаровдун «Жаңылуу» өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан.

Ал “Жүрөктү жүрөм дарылап”, “Айдай кызга” жана башка обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон.

Орозбек Кутманалиевдин ысымы Сокулук райондук маданият үйүнө ыйгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button