Акылбек Жапаров иш сапары менен Японияга кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Борбор Азия инвестициялык форумунун ишине катышат, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.