Жамал Сейдакматованы эскерүү кечеси өтөт

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, нукура таланттын ээси, залкар актриса Жамал Сейдакматованы эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Актрисаны эскерүү кечеси бүгүн, 30-ноябрда саат 18:00дө Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Эске сала кетсек, Жамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жаш курагында акка моюн сунган.

Кыргыз кино жана театр өнөрүнө опол тоодой зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн.