Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев чек ара жана Кемпир-Абад боюнча мыйзамдарга кол койду

Мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери боюнча келишим 13 беренеден турат. Ага ылайык, жалпы узундугу 302,9 чакырым тилке, анын ичинде өзбек-кыргыз чек арасынын 35 тилкеси аныкталганы айтылат.

Ал эми суу сактагыч боюнча келишим 11 беренеден турат. Ага ылайык, Өзбекстанга суу сактагычтын аймагындагы 4 957 гектар аянт жана плотинаны тейлөө үчүн кошумча 18,5 гектар жер өтөт. Кыргызстанга кенемте катары 1 019 гектар жайыт жер берилет.

@user2