КоомСаясат

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу 6 миллиард долларга бааланууда»

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу 6 миллиард долларга бааланууда». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бизге окшогон деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн авто жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Бизди башка өлкөлөр менен байланыштырган жана экономикабызды дүйнөлүк жеткирүү чынжырына интеграциялоого мүмкүндүк берүүчү жаңы темир жол каттамдары керек. Алсак, жакын арада «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталат, анын наркы учурда 6 миллиард долларга бааланууда.

Климаттын өзгөрүшү, калктын көбөйүшү жана планетанын экономикасы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча коюуда. Бул жагынан алганда Борбор Азия чөлкөмүндө энергиянын кайра жаралуучу булагы катары эбегейсиз зор потенциал бар. Учурда колдогу гидроэнергетикалык потенциалдын 10 пайызга жакынын пайдаланып жатабыз. Ушуну эске алуу менен Кыргыз Республикасында жана жалпысынан региондо гидроэнергетиканы өнүктүрүү келечеги абдан маанилүү.

Борбордук Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасы жапон инвестициясы үчүн кызыкчылык туудурган багыттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштайт. Мен жапон өнөктөштөрүн Кыргызстандын экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырам, эске салсак, Кыргыз Республикасында 52,9 пайыздык акциясы «Sawada Holdings Co. Ltd» жапон ачык клмпаниясына таандык болгон коммерциялык банк иштеп жатат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button