Алмазбек Атамбаев адатынча тосмону тепкилеп, сот залынан чыгарылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Сотко экс-президент Алмазбек Атамбаев ЖАКтын кызматкерлери менен чогуу «Тез жардам» кызматы алып келген. Ал буга чейинкидей эле тосмону тепкилеп, жыйынтыгында судьянын чечими менен сот залынан чыгарылды.