Окуялар

Сокулуктагы тоого кеткен аңчы табыла элек

Сокулуктагы тоодо дайынсыз болгон жаранды милиция да издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-ноябрда милицияга Дмитрий Забуновдун жубайы кайрылып, 1971-жылы туулган жолдошу 27-ноябрда Сокулуктагы тоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө ал аңчылыкка 1961-жылы туулган досу менен кеткени маалым болгон. Саат 17:30 чамасында болжолдуу Кичи-Тоо аймагында текени аткан. Забунов текени алууга кеткен бойдон жок болуп кеткен. Досу кеч кирип кеткендиктен кайтууга аргасыз болгон. Учурда териштирүү уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button