Коом

УКМК: Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Маматкалиев Дайырбекке жардам көрсөтөт

2022-жылдын 20-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К. Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Маматкалыев Дайырбек Кыялбековичтин ата-энеси менен жолугушту.

Химиотерапия курсунун аяктаганына карабастан, курч лимфобластикалык лейкозду толук дарылоо үчүн дарыгерлердин сунушу менен Индиянын “Фортис”. Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Д.Маматкалыевдин ата-энеси КР УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант К.К. Ташиев КР УКМКсы Д.Маматкалыевдин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button