Акжол менен Жоломан UWW уюмунун сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандын балбандары Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2022-жылдын “Тарых жаратуучу” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул туурасында уюмдун расмий баракчасында айтылган.

Маалыматка ылайык, “Тарых жаратуучу” наамына кыргызстандык спортчулардан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмак чен бирлигинде дүйнө чемпиону орусиялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 килограмм салмак категориясында дүйнөнүн үч жолку чемпиону жапониялык Юи Сусаки көрсөтүлдү. Жалпы төрт спортчу катышууда.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 10-18-сентябрь аралыгында Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күчүн сынап, финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы күрөшкөн. Ал атаандашына каршы эки ийгиликтүү ыкманы аткарып, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздаган. Ошентип Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында Дүйнө чемпионатын уткан алгачкы спортчу болгон.

Ошол мелдешке катышкан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Акжол досунан мотивация аларын айткан. Финалдык беттеште Жоломан болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде тизе бүктүргөн. Шаршенбеков 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга экинчи алтын медаль алып келген балбан аталган.

Буга чейин UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” сыйлыгына 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова татыган. Тыныбекова ал жылы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 кг салмакта Дүйнө чемпионатынын алтын медалын тагынган.