Окуялар

Кара-Көлдө жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды

Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда саат 05:00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жаткандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган жана тиешелүү экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин негизинде («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу») кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр суралып, алар 2002-жылы туулган С.Б., 2004-ж.т. А.Н., 2004-жылы туулган К.Н. жана 2005-жылы туулган А.А. экендиги жана балатыны күйөбү же жокпу деп ойноп от коюп жиберишкени, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button