Спорт

Hardcore Boxing: Самат Абдрахманов америкалык атаандашын утуп, чемпиондук курдун ээси болду

Самат “Кыргыз” Абдрахманов Hardcore Boxing профессионалдык бокс түрү боюнча эл аралык мелдеште америкалык Элвин Леон Брито менен беттеш өткөрдү.

Спорттук иш-чара 25-декабрда Москва шаарындагы «ЦСКА Арена» спорт комплексинде өттү.

Эки мушкер үч мүнөттөн алты раунд рингде беттешти. Абдрахманов менен Брито алгачкы мүнөттөрдө ишенимдүү баштаганы менен үчүнчү раунддан баштап америкалык балбан чабуулдарын азайта баштады. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргызстандык мушкер Бритого карата соккуларды уруп жатты. Жыйынтыгында Самат Абдрахманов жеңүүчү болуп, чемпиондук курдун ээси болду.

Эскерте кетсек, Самат “Кыргыз” Абдрахманов Россиянын Hardcore Fighting Championship мелдешинин финалында армениялык Лендруш Акопянды утуп, экинчи сезондун жеңүүчүсү болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button