Коом

2022-жылы өрттөн 26 адамдын өмүрү кыйылып, 31и куткарылган

2022-жылдын 11 айында республиканын аймагында 2 миң 779 өрт кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,3% пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, тилсиз жоодон 31 адамдын өмүрү сакталса, 26 адам жабыркап, 26сы каза болгон.

“Өрттөн 15 млн 444 миң 64 сом материалдык баалуулуктар сакталган. Бирок кырсыктан 3 млрд 321 млн 924 миң 620 сомдук зыян келтирилген. Статистика боюнча өрт кырсыктарынын эң көбү – 66 пайызы турак жайларда катталган. Алардын негизги себептери: электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык 34%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 16%, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонуу 7,2% жана балдардын от менен ойноосу 7%”, — деди ал.

Шамырканов жаңы жылдык майрамдарга карата жарандарды өрт коопсуздук эрежесин так сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button