Якутск гидрометеорология башкармалыгынын сайтында шейшембиде Якутиянын Жилинда айылында абанын температурасы – 61 градуска чейин төмөндөгөнүн билдирди. Бул тууралуу Россиянын “РИО-Новости” сайты жазды.
Метеорологдордун маалыматына караганда, республиканын аймагына азыркы учурда катуу үшүк жүрүүдө. Атмосфералык абанын температурасы Якутиянын тогуз районунда минус 45 жана андан төмөн болду. Якутиянын түндүк-батышында, түндүк-чыгышында түнкүсүн абанын температурасы -50 градуска чейин жетет.
«Якутиянын Оленек районундагы Жилинда айылында күндүз – 61 градус суук болуп жатканын кабарлады.
Ал эми республиканын борбору Якутскиде —42 градус суук. Шаар мэриясынан билдиришкендей, 1-8-класстын окуучулары үчүн онлайн окуу күн жарыяланып, сабактар дистанциялык түрдө өтүүдө.
Бир күн мурда Оймякондо -59 градус суук болуп, аймактарда тогуз пунктта -45тен төмөн үшүк болгону кабарланган.